Бишкек шаарынын вице-мэри жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү.
Ал түнкүсүн ата-энесиз жүргөн балдарга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле өспүрүмдөрдү кайыр сураганга тарткан кафе-ресторандардын жоопкерчилиги караларын билдирди.
Вице-мэр жарамазан салты кайырчылыкка айланбашы керектигин айтып, ата-энелерди балдарын көзөмөлсүз калтырбоого чакырды.

