Тирана шаарында өткөн рейтингдик турнирде Үзүр Жусупбеков менен Раззак Бейшекеев коло медалга ээ болду. Жусупбеков 97 килограмм салмакта күрөшсө, Бейшекеев 72 килограмм салмак ченинде күч сынашты.
Аталган мелдеште килем үстүнө Кыргызстандын атынан Акжол Махмудов, Улан Муратбек уулу, Курманбек Жапаров, Амантур Исмаилов, Ырыскелди Максатбек уулу жана Мелис Айтбеков да чыкты. Бирок байгелүү орундарга илешкен жок.

