Балдарын мектепке бербей, бейтапканага каттатпай койгон «Йакын-Инкар» уюмунун төрт мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартып, светтик жашоого макул болушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, Сузакта экстремисттик идеологияны активдүү жайылткан 44, 52, 54, 58 жаштагы жарандар 29-июнда кармалган.

«Алар ишенимдеринен улам үй-бүлө мүчөлөрүнө орто билим алууга жана медициналык тейлөө кызматтарын пайдаланууга жол беришкен эмес. Жаза аткаруу кызматынын №53 мекемесинде камакка алынгандардын арасында экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада алар «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымынын идеологиясынан баш тартышты», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле түшүндүрүү иштери алардын үй-бүлөсүндө дагы жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында балдары жаңы окуу жылдан баштап мектепке барып, поликлиникага каттала турган болушту.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *