Мектеп окуучулары бирдиктүү форма кийишет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.Ал бардык билим берүү мекемелерине ак көйнөк, кара шым менен юбка кийүү сунушталганын белгиледи. «Форма мектептин уставына жараша, жалпы ата-энелердин жыйынында чечилет. Бирдиктүү форма балдардын өздөрү үчүн дагы жакшы», — деди ал.

