Туркиянын Чанаккале, Болу жана Маниса шаарларында 15 август туркиянын сааты боюнча 9:51 чамасында токойдон өрт чыккан. Чанаккале шаарындагы Эжеабад токоюнда өрт чыгып шамалдын натыйжасында күчөгөн. Токойго жакын жайгашкан “Анзак” көрүстөнү толугу менене күйүп кеткен. Аймакка жөнөтүлгөн куткаруучулардын 2 кызматкери жарат алып айрым кызматкерлер түтүнгө ууланган. Ошондой эле Туркиянын Болунун Гөйнүк районунда өрт чыккан.Өрттөн улам үч микрорайон эвакуацияланды. Маниса шаарындагы өрт 3 күндөн бери уланууда .Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы өрткө 14 учак жана 31 тик учактын кызматка тартылганын жарыялаган. Министр Ибрахим Юмаклы : «Учурда катталган өрт кырсыгын тез арада жою аракетин көрүүдөбүз”-деди .
Аталган маалымат Туркиянын ачык булактарынан алынды.
