Ош шаарында жергиликтүү тургун чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан чет өлкө валютасын мыйзамсыз алып чыгууга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «Ош» аэропортунан Кыргызстандын жараны 1999-жылы туулган Х.А кармалды. Ал Кыргызстандан Россияга 9 миллион 835 405 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кетүүгө аракет кылган. Аталган факты боюнча материалдар Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
