КР Саламаттык сактоо министрлиги Баткен областында неонаталдык жардамды күчөтүү максатында беш жасалма дем алдыруу аппаратын алды.

2025-жылдын 1-декабрында КР Саламаттык сактоо министрлигинде БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан «Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында сатып алынган SV300 (Mindray, Neo функциясы менен) үлгүсүндөгү беш жасалма дем алдыруу аппаратынын (ИВЛ) расмий тапшыруу аземи болуп өттү.

Жабдуунун жалпы наркы 65 миң АКШ долларынан ашты. Жабдуу Баткен шаарынын жана Баткен областынын неонатология бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга, анын ичинде оор абалдагы жана дем алуу жетишсиздиги бар балдарга өмүр үчүн маанилүү жардам көрсөтүүгө арналган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Өнүктүрүү программасына көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, берилген жабдуу өлкөнүн неонаталдык жардамды күчөтүү жана ымыркайлардын өлүм көрсөткүчүн азайтуу боюнча приоритеттерине толук шайкеш келерин белгиледи.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *