Ош шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имараты пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана мекеменин жамааты катышты.

Мэрдин тапшырмасы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен борбордун имаратын капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Кароосуз, авариялык абалга кептелген имарат толугу менен жаңыланып, чатыры жабылып, бөлмөлөрдүн полдору жаңыланып, сырдалды. Ашканасына жаңы электр печкалары, аба алмаштыруучу системалары орнотулду жана балдар үчүн жаңы унитаздар, раковиналар, керебеттер, эмеректер коюлду.

Ал эми имараттын айланасы таптакыр каралбай калган. Азыр бручсатка басылып, жашылдандырылып, кооздукка бөлүндү. Балдар ойноочу аянта, отургуч, беседкалар да орнотулду.

Борбор 1960-жылы курулуп, ошол мезгилден бери бир да жолу капиталдык ремонт болбогон. Быйыл Жеңишбек Токторбаевдин рейддик кыдыруусунда көңүл сыртында калган имаратка маани берилген. Бул жайда ата-энелери баш тарткан бөбөктөр камкордукка алынып келет.

Жаңыланган борборго мэрия тарабынан белектер да тапшырылды. Балдарга керектүү каражаттар, турмуш-тиричилик техникалары жана оюнчуктар берилди. Ага кошумча борбордун ар бир кызматкерине мэр 2000 сомдон акча каражатын берди. Ош шаарынын мэриясы бул борбордогу балдарга колдоо көрсөтүүнү ушул темпте уланта берет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *