«Парламенттик шайлоо тынч, тартиптүү жана жогорку деңгээлде өттү», -деп билдирди премьер-министр Адылбек Касымалиев. Ал добуш берүүгө катышкан жарандарга ыраазычылык билдирди.
«Бул шайлоо тынч, тартиптүү жана жогорку деңгээлде өттү. Мына ушуга аракет кылдык. Шайлоого катышып, атуулдук парзын аткарып, татыктуу талапкерлерди шайлаган шайлоочуларга өзүмдүн жана министрлер кабинетинин атынан ыраазычылык билдирем», — деди премьер-министр.

