Ош шаарынын тургуну Уулбү Каныбекова 33 жашта. Ал үч баланы татыктуу тарбиялоо менен бирге үйдө отуруп экологиялык оюнчуктарды токуйт. Каарманыбыз жаштайынан кол өнөрчүлүккө кызыгып, арзып сүйгөн жумушуна айланган. Мындан сырткары кыргыз баштыктарды да тигип, кирешеге чыккан. Келечекте экологиялык, сапаттуу брендди өнүктүрсөм дейт.


Декреттик өргүүгө чыгып, жаңы хобби жараттым…
– Мен кесибим боюнча журналистмин, 14 жыл газета тармагында иштедим. 2020-жылдан бери 3 баланы тарбиялап декреттик өргүүдөмүн. Тынбай иштеп жүргөн адамга үйдө отуруп калса оор болуп калат экен. Бош отуруп калганда тынч боло албадым да, бир нерсе менен алек болгум келип, жаңы нерсе жараткым келе берди. Өзүмдү өнүктүрүү боюнча көп сабактарга катыштым. Кийим-кече, даяр жоолуктарды тигип саттым. Андан соң ютуптан эко оюнчуктарды көрүп аябай суктанып, өз алдымча үйрөнүп, биринчи баштаганда бир куурчактын кулагын токугандан кийин убактым болбой бир топ убакыт калып кетти. Ооруп жатып, бош убактымда илмектерин тегиз кылып токугамын, ичимден кийинкилерин токусам жакшы эле чыкчудай деп ойлоп калдым. Үйрөнүүгө көп деле убакыт кеткен жок, негизгиси өзүңдө кызыгуу болуш керек.


Кичинемден эле куурчактарыма кийим тигип берчүмүн…
– Үйдө төрт кызыдын кичинеси болгон үчүн эрке өсүп чоңойдум. 4-5-класс болгонго чейин куурчак ойногонум эсимде. Үйдөгү богон материалдан куурчагыма ар түрдүү кийимдерди тигип берчүмүн. Ошондон баштап тигүүгө шыгым жаралган. Кийин чоңойуп журналистика тармагында жүрүп алыстап кеттим. Көрсө бул каныңда, дээриңде болсо баардык учурда алып кетсең болот экен. Баардык адам жаралганда Кудай бир нерсеге шыктуу кылып жаратат деп билем. Ар бир адамдын өзү менен кошо төрөлгөн таланты бар, көпчүлүгү аны таппай эле башка иштер менен алек болуп атып эле өтүп кетет. Эгер чыныгы жумушун таап эмгектенсе, рахат да алат, каражат да табат, башкаларды кубантып, өзү да сүйүнүп жашайт!


Жасаган эмдегимдин баасын койгондон абдан кыйналам…
– Кол өнөрчүлүктү баштаардан мурун психологияны аябай көп окудум. Өзүмдү издеп жүрүп анан ушул нерсеге келип токтолдум. Кирешеге кол баштык тигип баштаганда чыккамын. Ал эми, эко оюнчуктарды токуганга узак убакыт талап кылынат. Аны токуп бүткүчөктү көзүң талыйт, кеткен убактың акталбайт. Бирок, оюнчук токуган аябай бир сонун сезим. Бүтүргондө аябай кооз чыгат, көрүп алып энергия аласың, ошол үчүн гана токуймун. Кээ бир учүрда атайын убакыт бөлүп куурчак токугум келет. Негизи жасаган эмгегимдин баасын койгондон кыйналам. Тигип атып кеткен чыгымын, эмгегимди эсептеп коём, бирок сатканы келгенде төмөн баалайм. Анын үстүнө кол эмгекти эл деле анча баалабайт. Мисалы эко оюнчуктун пайдасы абдан чоң. Базардан пласмасса оюнчуктарды канча кымбат, зыян болсо деле алып беребиз да, сапаттуу, пайдалуу буюмдарды ылгообуз керек. Кол эмгекти бекер же арзан баада алууну каалашат. Кыргыз элине караганда орустар кол өнөрчүлүктү жакшы баалашат. Менде токулган эко оюнчукту жасоодогу кыйынчылыктарды эске алып 1800 деп баалайм, бирок ошол эле куурчакты Москвага алып барып сатсаң эки эсе жогору бааланат.


Пайдалуу нерсе менен алек болсоң балага да чоң таасир берет…
– Бала тарбиялаганда, көп нерсени энеден сиңирип алат да, эгер эне уйку же ушак менен алек болсо балаң да ошол тарбияны алат. Чынында тынбай иштеп турсаң, айрыкча сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк менен алектенсең өзү көрүп эле шыктанат. Мисалы: мен бул жумушту баштаганда, эң улуу балам беш жашында менден жашынып ашканага кирип, өзүн видего тарткан “Кыздар, эжелер менин апам сонун кийим тигип жатат, силер буюртма берсеңер, чындап таң каласыңар, алгыла”,-деп сүйлөгөн видеосу бар. Демек бала да бизди көрүп шыктанып жатат.


Эгер жасаган ишиңден рахат албасаң ал өнүкпөйт…
Көп аялдар кайрылышат “үйрөтөсүзбү, чын эле оюнчук, чеберчилик менен каражат тапса болот бекен?”,-деп. Эң биринчи бирөөнү туурап, аңдыбай адам эмнеге шыктуу экенин билүү зарыл. Эгер ал иштен рахат ала албасаң, энергия ала албайсың. Берилүү, сүйүү менен жасалган нерсе өзү эле ордун таап кетет.

Каарманыбыз жасаган буюмдарга элдер өздөрү эле “эко оюнчук”, “кыргыз баштык” деген аталышты ыйгарышкан. Ошол себептүү чебер Каныбекова дал ушул аталыштагы брендди өнүктүрүүнү көздөп келет.

БУРУЛАЙ УЛАНБЕК КЫЗЫ – кабарчы

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *