Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай башталды. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат катышууда. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери бар. Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.


Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.
Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.
Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *