Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик Курултайда салык маселесине токтолуп, жалпы кыргызстандыкатрды салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары кароого чакырды.


Акыркы окуялардын негизинде Кыргызстандын бардык жарандары үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Көмүскө экономиканын анча-мынча бөлүгүн ачыктоонун аркасында биз пенсияларды, жөлөкпулдарды, эмгек акыларды масштабдуу жогорулатууга, болуп көрбөгөндөй сандагы социалдык объекттерди курууга жана жүздөгөн километр жаңы жолдорду салууга жетиштик. Салыксыз биздин бейпилдигибизди камсыздаган күчтүү армия болбойт, жарандардын социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт, сапаттуу медицина жана татыктуу билим да болбойт. Ошондуктан, салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары карайлы. Башка сөз менен айтканда, салык эмес – салым катары кабыл алалы“, – деди Садыр Жапаров.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *