Улуттук валютанын 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторунун 5- сериясы «Жылдын банкноту» аймактык маанилүү сынакта «2023-жылдын банкнотторунун эң мыкты жаңы сериясы» номинациясынын лауреаты болду. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.


Эске сала кетсек бул номиналдагы банкноттор жүгүртүүгө үзтүбүздөгү жылдын 10-майында чыккан.
Жылдын мыкты аймактык банкнотуна сынак 2023-жылдын 4-6-декабрында Шри-Ланканын Коломбо шаарында «High Security Printing Asia» жогорку деңгээлде корголгон басып чыгаруу боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык конференциянын алкагында өттү.
High Security Printing – банкнотторду жана башка жогорку деңгээлде корголгон продукцияларды өндүрүү, басып чыгаруу, коргоо элементтерине арналган жыл сайын өтүүчү аймактык ири конференция.


Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын октябрында БАЭнин Дубай шаарында банкнотторду басып чыгаруу жана монеталарды чегүү боюнча өткөн «Mint & Print Conference» эл аралык конференциясында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 5-сериядагы жаңы банкноттордун чыгарылышы «Улуттук банктын банкнотторду чыгаруу боюнча инновациялык жана ар тараптуу ыкмасын таануу» категориясында атайын сыйлык менен сыйланды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *