Ошто жаңы күнөскананын курулуш иштери аяктоодо

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына караштуу жаңы күнөскананын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде күнөскананын курулушуна керектелген материалдар Түштүк Кореядан алынып келинген.

Жаңы күнөскана заман талабына ылайык акыркы технологиялар менен жабдылып, гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана желдетүү системалары толугу менен автоматташтырылган. Бул өз кезегинде иш процессин кыйла жеңилдетет. Мындан тышкары, жумушчулар үчүн жатакана, ашкана жана башка керектүү шарттар да каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *