Курулуш министрлиги «Алтай» шаарчасынын курулушу тууралуу түшүндүрмө берди

Курулуш министрлиги Бишкектин жанында түшүп жаткан Алтай турак жай шаарчасынын курулушу туурасында маалымат таратты.Эске салсак, интернет айдыңына тараган видеодо жерпай үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жаралууда.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов социалдык тармакка бул курулуш Илимдер академиясынын Сейсмология институту менен макулдашылбагандыгын жазган.

Буга жооп кылган министрлик аталган объект боюнча курулуш иштери башталганга чейин мыйзам талаптарына ылайык инженердик-геологиялык жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Анын жыйынтыгында жер астындагы суулардын деңгээли алдын ала аныкталып, долбоордо тиешелүү инженердик чечимдер каралган.

«Тактап айтканда, долбоордук документтерде дренаждык системаны куруу, жер астындагы сууларды чыгаруу жана аймактын инженердик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен турак жай имараттарын беш кабаттан ашырбоо чечими кабыл алынган. Бул чаралар курулуш коопсуздугун камсыздоого багытталган», — деп айтылган анда.

Сейсмикалык коопсуздук маселелери тиешелүү мамлекеттик департаменттер тарабынан толук каралгандыгына байланыштуу, долбоорлоо жана куруу иштеринде министрликтин Сейсмология институту менен милдеттүү түрдө өзүнчө макулдашуусу талап кылынбастыгын билдиришкен.

Министрлик жарандарды «Алтай» шаарчасынын курулушу боюнча тынчсызданбоого чакырып, бардыгы көзөмөлдө экендигин кошумчалаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *