Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Ал Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Кыргызстандын жаңы мамлекеттик катчысы болуп Арслан Койчиев дайындалды. Ага чейинки Марат Иманкулов мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалды.

Рустам Мамасадыков Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Азамат Осмонов президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Ал буга чейин президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Президенттин жардамчысы Азамат Апсатаров президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду. Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон документтин негизинде Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *