Бишкек мэри башкы планды талкуулоодо бөлүп-жаруу болбой турганын убадалады.
Борбор шаарды 2050-жылга чейин өнүктүрүүнү караган жаңы башкы план боюнча адистердин талкуусу уланууда.Айбек Жунушалиевдин айтымында, мэрияга 200дөн ашуун сунуш келген. Соцтармактардагы пикирлерди эске алганда, бул көрсөткүч миңге чукулдайт.
Бардык материалдар шаардык администрациянын сайтында жарыяланган.Документ боюнча коомдук угуу 24-25-декабрга белгиленди. Долбоор Санкт-Петербургдагы институт менен бирге иштелип чыккан.

