Өкмөт башчы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата жарандарга кайрылуу жасады. Ал бул күнү өзгөчө муктаждыгы бар адамдардын укуктарын жана коомдук турмушка толук катышуусун камсыз кылуу иши белгиленерин айтты.

Анын айтымында, өлкөдө 221 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашайт, алардын 37 миңден ашыгы — балдар. Ал мамлекет жардам жана жөлөк пул менен чектелбестен, билим, кесиптик даярдык, социалдык кызматтар, реабилитация, инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү жана эмгек рыногунда мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча милдеттерди аткарып жатканын билдирди.

Касымалиев майыптыктын алдын алуу, жарандардын ден соолугун коргоо жана өзгөчө муктаждыгы бар адамдарды колдоо жалпы коомдун милдети экенин белгилеп, ата-энелерге жана бул тармактагы адистерге ыраазычылык билдирди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *