13-округдагы добуш берүү жокко чыгарылды.Чечимди БШК талапкердин тарапташтары шайлоочуларды телефонго тартып, добуш берүүнү көзөмөлдөгөнү далилденгенден кийин кабыл алды.
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева добуш берүүнүн жүрүшү шайлоочунун идентификациядан өтүшүнөн тартып, бюллетень таштаганга чейинкиси толук видеого жазылып турганын көрсөттү.
Чечимге ылайык, бул округдан катышкан 14 талапкер кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратылат.Бул округда Бакыт Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдын ала жыйынтык боюнча озуп жаткан.


