Аял балдарын зым менен сабап, видеого тартып күйөөсүнө жөнөткөн.Социалдык тармактарга аялдын күйөөсүнө кайрылып, балдарды өлтүрөм деп коркуткан видеосу тарады.
Видеодо анын жанында бир уул жана бир кыз турат. Бир аздан кийин ал аларга жакындап барып, электр шайманынын зымы менен бир нече жолу урат. Балдар коркконунан жерге жыгылып, чөгө түшүп ыйлап жатышат.Милиция билдиргендей, бул факт Маалыматтардын каттоо журналында катталып, учурда болгон окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

