Спорттук күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, чемпионат Амман шаарында (Иордания) 19-августтан 25-августка чейин болот. Ага Кыргызстандын грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү барат.
Кыргызстандык 25 өспүрүм күрөш боюнча дүйнө чемпионатына барат
