Чүй облусунун Кемин районунда пикир келишпестиктен улам, мылтык менен бир жаранды аткан шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн 16-августта Чүй ОИИББнын маалымат кызматы билдирди. Маалымдагандай К.П. жана К.К. аттуу Кемин тургундарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Андан сон, К.К. калибр үлгүсүндөгү мылтык менен К. Пны атып, окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция жаракат алган жаран учурда ооруканада экендигин билдирди. Бул факт «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча кылымыш иши козголуп, шектүү жаран кармалды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланып жатат.

