Айдоочулукка окуу 10 айдан 4 айга кыскарышы мүмкүн

Президенттин иш башкаруучусу Жапаровдун тапшырмасы боюнча, окуу мөөнөтүн 10 айдан 4 айга чейин кыскартуу варианты каралып жатканын белгиледи.

Каныбек Туманбаев 4 айдан кийин тесттен өтүү мүмкүнчүлүгү берилерин, андан өткөндөр айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка жөнөтүлөрүн билдирди.

4 айда окууну ийгиликтүү аяктагандарга айдоочулук күбөлүк бир жылдык мөөнөткө берилет. Алар бир жылда жол эрежесин бузбаса, күбөлүктү толугу менен алары айтылды.

Президенттин иш башкармалыгы каттоо avtomektep.srs.kg сайтында жүрөрүн маалымдады. Андан окуунун онлайн же оффлайн форматын тандап, каалаган жерине жараша автомектепке катталса болот.

Автомектептер республиканын бардык облустары менен райондорунда иштей турганын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *