Эл акыны Тенти Адышева атындагы республикалык ыр сынакка чыгармалар кабыл алынууда.
Ага жашы 18ден жогору айымдар, кыргыз тилиндеги мурда жарыяланбаган ырларын жөнөтө алат. Чыгарма эки куплеттен кем эмес жана он куплеттен ашпашы керек. Ар бир катышуучу үч гана ыр бере алат. Баш байге 100 миң сом.
Чыгармаларды кабыл алуу 5-февралда башталган, ал 30-апрелге чейин созулат.
Катышууну каалагандар ырын ушул электрондук дарекке жөнөтүшү керек: jazuuchular@gmail.com
Суроолорго ушул номерден жооп алса болот: +996 554 94 90 20

