2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди

Минкабдын чечими менен кабыл алынган бул узак мөөнөттүү мамлекеттик план өлкөдө маданият тармагын колдоо жана ресурстарды бөлүүнү аныктайт.

Иш чаранын алкагында китепканаларды кайра уюштуруу жана моделдүү маданий борборлорду түзүү, Улуттук көркөм искусство музейинде илимий-методикалык борбор жана реставрациялык лаборатория ачуу жана 2030-жылга чейин 4 миң музей экспонатын санариптештирүү жана ачык жеткиликтүү кылуу каралган.

Гастрольдорду уюштуруу жана театр ишмердүүлүгүн жаңылоо үчүн 300 млн сом (2027–2029)
Чыгармачыл союздарды колдоо — 45 млн сом
Өлкөнүн драматургиясын өнүктүрүү — 18 млн сом
Музейлерди санариптештирүү — 19,5 млн сом
Китепканаларды реорганизациялоо жана моделдүү мекемелер — 85,1 млн сом каражат жумшалмакчы.

Жалпы чыгымдар: 2026–2030-жылдарда 500 млн сомдон ашык. Каржылоо республикалык бюджеттин чегинде жана башка мыйзамдуу булактардан жүргүзүлөт.

Ал эми 2030-жылга чейин 609 жетекчи жана кызматкердин квалификациясы көтөрүлөт,адистерди даярдоо үчүн методикалык борбор түзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *