Тирана шаарында өтүп жаткан эл аралык рейтингдик турнирде үч кыргыз балбаны байге алды.
Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмак ченинде чемпион болду. Ушул эле салмакта Залкарбек Табалдиев коло медаль тагынды. Ал эми Орозобек Токтомамбетов 74 килограмм салмак ченинде күмүш медаль алды.

