Кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандардын жоопкерчилиги күчөтүлөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме учурунда маалымдады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 17-апрелге карата кызамыктын 8209 учуру катталды. Анын 37,5 пайызын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар түздү.

Эске салсак, Республика боюнча 2023-жылы паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөдөгү вакцинанын биринчи дозасы менен камтуу 96 пайызды, экинчи дозасы менен 92,7%ды түздү.


Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *