Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө күчөтүлөт.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Бишкектеги ресторандардын биринде жарандардын жапырт ууланганына байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өттү.

Анда тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу сунушталды.

Экономика министрлигине жеке коомдук тамактануу жайларына электрондук эсеп-фактураларды колдонуу, сертификаты бар гана азыктарды сатып алуу, ашканаларда байкоочу камераларды милдеттүү түрдө орнотуу жөнүндө сунушту иштеп чыгуу тапшырылды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *