Гутерриш:»БУУ каржылык кыйроо коркунучунда»

БУУнун “каржылык кыйроо күтүп турат”. Мындай эскертүүнү БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш уюмга мүчө мамлекеттерге жолдогон катында билдирди.

Маалыматты Reuters агенттиги таратты.

Анын айтымында, кризистин негизги себептери — мүчө өлкөлөрдүн төлөмдөрү убагында төлөбөшү жана пайдаланылбай калган каражаттарды кайра кайтарууну талап кылган бюджеттик эрежелер.

Гутерриш 2025-жылдын аягына карата БУУга болгон карыз рекорддук $1,57 млрдга жеткенин белгилеп, эгер абал өзгөрбөсө, уюм июль айына чейин каражатсыз калышы мүмкүн экенин эскертти.

Каржылык оор абал АКШ — БУУнун негизги донору — ыктыярдуу каржылоону кескин кыскарткандан кийин курчуган. Ошондой эле Вашингтон уюмдун негизги жана тынчтык орнотуу бюджеттерине төлөмдөрдөн баш тарткан.

Мындан тышкары, Дональд Трамп “Тынчтык кеңешин” түзүү демилгесин көтөрүп, ал түзүм БУУну алмаштыра алат деп билдирген. Анын пикиринде, БУУ куралдуу жаңжалдарды жөнгө салууда “пайдалуу боло алган жок”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *