Иран АКШнын согушту бүтүрүү боюнча сунушун четке кагып, өзүнүн шарттарын айтты

Бул тууралуу Иран телеберүүсү маалымдаган. Буга чейин New York Times гезити Тегеранга согушту соңуна чыгаруунун 15 пунктудан турган планын бергенин жазган.

Басылманын маалыматы боюнча, бул иште Пакистан ортомчулук кылган.

Планда өзөктүк программа жана деңиз жолдорунун коопсуздугун калыбына келтирүүдөн тарта негизги делген бир топ маселелер камтылган.

Axios басылмасы Ирандын расмий өкүлдөрү ортомчуга буга чейинки алакалардагы тажрыйбаларынан улам Вашингтонго ишене албастыгын айтышканын жазды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *