Кыргызстанда тирүү малдын баасы туруктуу болгонуна карабай эт кымбаттап жатат, бирок негизги пайданы өндүрүүчүлөр эмес, ортомчулар көрүүдө.
Министр Эрлист Акунбеков акыркы үч айда чет өлкөгө 53 миң баш мал чыгарылганын, бирок малчылар иш жүзүндө андан пайда таппаганын билдирди.
Министрлик бул маселени чечүү үчүн 1,5 миллиард сомго 10 адистештирилген кластер түзүүнү пландап жатат. Натыйжада фермерлер рынокко түз чыгып, ортомчуларсыз эле адилеттүү киреше алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.

