25-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Питер Соренсен менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстандын авиакомпанияларын Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу маселеси болду.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, акыркы жылдары өлкөдө жүргүнчүлөрдүн агымы өстү, каттамдардын саны көбөйдү, бардык 11 аэропорт модернизацияланып, авиапарк жаңыланып жатат. Кыргызстандын авиакомпанияларын ЕБдин тизмесинен чыгаруу боюнча акыркы чечим 2026-жылдын май айында кабыл алынары айтылды.

