Бишкекте маданий-руханий жаңыланууга багытталган улуттук форум өтөт

Бишкек шаарында 2-апрель “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы А.К. Койчиевдин жетекчилиги астында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун, мамлекеттик органдардын, чыгармачыл союздардын, илимий коомчулуктун, маданият, искусство жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Форумга өлкөнүн жети облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 800гө жакын өкүл катышат.

Форумдун алкагында маданият менен илимдин улуттук өнүгүүдөгү орду, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын коомдогу миссиясы, маданий-руханий жаңылануунун негизги багыттары, ошондой эле чыгармачыл союздарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик механизмдери талкууланат.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз сунуштарын берип, маданият менен илимди өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди көтөрүшөт.

Форумдун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, иш-чаралар планы иштелип чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *