Slider

2021-жылдын 7-апрелинде саат 15:15 чамасында Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын Жийделик айылында Д.Султанов көчөсүндө жайгашкан Жыгач устундуу темир жабылган турак үйдөн өрт чыккан.

Жерине №13 ӨКБнөн өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат 15:22де жетип, 16:55те толук өчүрүлгөн.

 Өрттүн кесепетинен 85 чарчы метр чатыры, 20 чарчы метр бир бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн жана үйдүн тургуну 1969-жылы туулган аял киши 2-даражадагы күйүк алып Ош облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган, абалы оор.

Өрттүн себеби такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *