21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн.
Анын натыйжасында Зындан көлү жарылып суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо уюштурулду. Натыйжада Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылды.
Б.Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан 2 экскаватор, 3 жүктөгүч тартылып, Туура-Суу айылын суу каптоо коркунучун алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүүдө.
