Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тош-Кутчу жерлигиндеги «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушу менен таанышты.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору «Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад» (304,94 км) маршруту боюнча өтөт. Торугарт – Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи, Макмалдан Жалал-Абадка чейин (145 км) – 1520 мм темир жол изи колдонулат.

Макмал районунда жүктөө станциясын жана логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү пландаштырылууда. 5695 техника жана 5 миңден ашык адам тартылган. 29 туннелдин (ичинен 18) курулушу башталды. 50 көпүрөнүн 17синин, 602 суу өткөргүч түтүктүн 28инин курулушу башталды.

