Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын толук жаңыдан курулган күмбөзүндө куран окуду.

Буга чейин күмбөздүн сырткы, ички бөлүгү эскирип, зыярат кылганы келген жарандар үчүн да толук шарт болгон эмес. Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп жасалып, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Жакынкы күндөрү жаңыдан курулган күмбөз УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Алымбек датка, Курманжан датканын урпактары жана туугандарынын катышуусунда ачылышы күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, генерал-полковник Камчыбек Ташиев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жеке каражатынын эсебинен курулуп бүттү.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *