Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жыл сайын 300 миллион адам клиникалык депрессиядан жабыркайт. Бул тууралуу Орусиянын «Медскан» ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат сайты жазып чыкты.


Кайсы өлкөгө жана маданиятка карабастан, бул оору дүйнө элдерине бирдей тараган. Ар бир адам жашоосунда жок дегенде бир жолу болсо да депрессияга туш болот.
Депрессия – бул адамдын психикалык ден соолугуна терс таасирин тийгизет.Бул оору менен бир гана психологдор эмес дарыгерлер да кошо каршы күрөшүп жардам берүүгө милдеттүү .
Адистердин айтымында депрессия, стресс оорулары жүрөк оорусунан кийинки эле экинчи орунда турат.
Депрессиянын белгилери:


Сагынуу. Адам кусаланып, эзилип эч нерсе жакпай өзүн жаман сезип жатканын сезет. Бирок, эмне үчүн өзүн жаман сезип жатканын түшүнбөйт. Сагынуу көбүнчө көкүрөк зонасында кысылган сезим катары көрүнөт. Депрессияга түшкөн адамдар арызданып эмнеге мындай болуп жатканын билгиси келет.


Тынчсыздануу. Бул учурда адамдар уйгу-туйгу болуп бир жамандыкты күтүшөт. Шектенүүлөр,кооптонуулар көп болот. Тынчсыздануу сезимдери өзүнчө же депрессия аркылуу билинет.


Күнөөлүү сезүү. Кандайдыр бир иш туура эмес болуп калса, өзүнөн себепсиз күнөө издейт. Мындай сезимдер дээрлик адамдардын өзүнө болгон баасы төмөн болгон учурда көп болот.


Апатия. Депрессиялык абалдын эң оор көрүнүшү апатия деп эсептелет. Психологиялык жол менен дарылоо оңой эмес. Башкача айтканда, депрессияга кабылган адамга жакшы же жаман сапаттары эч кандай таасирин тийгизбейт. Жөн гана төшөккө жаткысы келет жана эч нерсе кылганды каалабайт.


Уйку жана аппетит. Эмоционалдык нерв системалардын бузулушу. Түнкү уйкусуздук , күндүзү уйку суроо, тамакка болгон табиттин жоктугу, бир нерсе жегиси келет бирок эмне экенин билбейт. Бул система ар бир адамда ар кандай болушу мүмкүн.


Жүрүм-турум. Адам баарлашуудан качып,эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт.Көп учурда өзү менен өзү болуп калат. Депрессиялык жүрүм-турум энергетикалык суусундуктарды, психоактивдүү заттарды жана спирт ичимдиктерин колдоно баштайт.


Депрессиядан кантип чыкса болот
Жогоруда депрессиядан чыгуунун жөнөкөй алты эрежеси
1.Маанайыңызды көтөргөн жана сизге күч берген нерселерди жасаңыз.
Өзүңүз үчүн жаңы нерсени байкап көрүңүз: парашюттан,бийиктиктен секирүү, тоодо саякаттоо, алыскы өлкөлөргө чыгуу. Кадимки сейилдөөлөрдү жана хоббилерди кийинкиге калтырыңыз.


2. Спорт менен машыгып, көп кыймылдаңыз.Физикалык активдүүлүк кубаныч гормондорунун өндүрүшүн активдештирет. Жатаар алдында көнүгүү жасап, бийлеңиз.


3.Хоббиңизди өзгөртүңүз. Эгер мурдагы хоббиңиз сизди кубанта албаса жаңы бир нерсе менен алектенип,хоббиңизди өзгөртүңүз. Жаңы хобби депрессиядан чыгууга жардам берет. Ар кандай тренинг сабактарга жана мастер-класстарга катышыңыз.


4.Туура тамактаныңыз. Майлуу тамактардан алыс болуңуз. Диетаны жеңил, бирок пайдалуу жана даамдуу тамактар менен өткөрүңүз. Жашылчаларды, деңиз азыктарын, жемиштерди көбүрөөк колдонуңуз.


5.Күнүңүздү пландаштырыңыз. Күнүмдүк тартипти карманыңыз. Эс алуу башка,жумуш башка. Уктоого жана бир убакта турууга аракет кылыңыз. Эсиңизде болсун, дени сак уйку күнүнө 8 сааттан кем эмес.


6.Күн сайын эс алыңыз. Дем алуу практикасына жана йога көнүгүүлөрүнө убакыт бөлүңүз. Күнүмдүк 10 мүнөттүк көнүгүү стресстен чыгууга жана тынчсыздануудан арылууга чоң жардам берет.
Бул биз күнүмдүк жашоодо аткара ала турган жөнөкөй гана эрежелер.

Бул нерселерди депрессияга,стресске кабылбаган учурда деле аткарсаңыз,сергек жана дени сак жашоону кура аласыз.
Эгер депрессиялык абалыңыз оор болсо анда адиске сөзсүз кайрылыңыз.

Которгон: Алтынай Гапарова

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *