Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Биринчилик Болгариянын София шаарында 21-29-январь күндөрү өтөт.
Курама командада жалпысынын 20 оюнчу 1 дарыгер барат. Курама команданын башкы машыктыруучу Кузьма Терентьев жана улук машыктыруучу Уран Турсунбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Кабарчы: Алтынай Гапарова