Бүгүн, 28-августта саат 5:21де жер силкинип, анын күчү 3,5 баллга жеткен. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жер титирөөнүн очогу Кан айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Тейит айылынан 40 чакырым түндүк-батышта, Карамык айылынан 45 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 60 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген жок

