Бишкекте 7 айда 156 миң 290 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.
Маалыматка караганда, 2022-жылга салыштырмалуу 50 271 тоннага жана 2023-жылга салыштырмалуу 38 589 тоннага көбөйгөн.
Белгилей кетсек, бул көйгөйдү чечүү үчүн атайын жабдууларды алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Участокторду толук камтуу үчүн зарыл болгон таштанды ташуучу унаалардын келиши жакынкы аралыкта пландалууда.
