Ленинград блокадасын бошоткон баатырлардын эрдиги эскерилди

Ленинград шаарын фашисттик блокададан толук бошотуунун күнү алдында Кант шаарында «Үмүттүн учкуну» аттуу эскерүү акциясы өттү.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган эстеликтин алдында уюштурулду. Ага шаар мэриясынын өкүлдөрү, Чүй облустук китепканасынын кызматкерлери, мектеп окуучулары жана Россиянын авиациялык базасынын аскер кызматкерлери катышты.


Акциянын жүрүшүндө согуштан кайтпай калган баатырлардын элесине арналып шамдар жагылып, бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерүү көрсөтүлдү. Ошондой эле блокададагы Ленинградда жазылган, каршылыктын жана адамдык туруктуулуктун символуна айланган Дмитрий Шостаковичтин 7-симфониясы жаңырды.


Мындан 82 жыл мурда Нева боюндагы шаар блокададан толук бошотулган. Ага чейин ленинграддыктар 872 күн бою ачарчылыкка, суукка, бомбалоолорго жана оор жоготууларга туруштук беришкен.Акциянын катышуучулары блокаданын тарыхы жөн гана дата эмес, Жеңиштин баасын эске салган сабак экенин жана мындай окуяларды коомдук эс-тутумда сактап, кийинки муундарга жеткирүү абдан маанилүү экенин белгилешти.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда блокададан аман калган 11 гана адам бар, алардын тогузу Бишкек шаарында жашайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *