Кыргызстанда Нипах вирусуна байланыштуу санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү

Кыргызстанда Нипах вирусу боюнча ооругандар аныкталган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

 Азыркы учурда вирус Индияда катталууда. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу көзөмөлдө.

 Мамлекеттик чек арада санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү:

 -келген жарандардын саламаттыгы текшерилет

 -транспортко санитардык көзөмөл жүргүзүлөт

 -медкызматкерлер эрте аныктоо жана обочолонтуу боюнча нускама алышты.

 Нипах вирусунун табигый булагы — жарганаттар. Жугуу жолдору:

— жаныбарлар менен түз байланыш

 -булганган азык-түлүк

 -оорулуу адам менен жакын байланыш

Министрлик ДССУ жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууда.

 Жарандарга жеке гигиенаны сактоо, жапайы жаныбарлардан алыс болуу жана симптомдор пайда болсо дарыгерге кайрылуу сунушталат.

 Паникага негиз жок, саламаттык сактоо системасы даяр. Расмий маалыматтар мамлекеттик булактар аркылуу гана берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *