Эми жеке менчик медициналык ЖОЖдор мамлекеттик окуу жайлардын карамагында гана иштей алышат

Кыргызстанда билим берүү, илим жана саламаттык сактоо тармактарында жаңы талаптар киргизилди. Президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду. Документ медицина жана фармацевтика тармагындагы билим берүүгө коюлган талаптарды кыйла күчөтөт.

Мыйзамга ылайык, медицина жана фармацевтика боюнча окуу программаларын ишке ашырган бардык билим берүү мекемелери милдеттүү түрдө мамлекеттик аккредитациядан өтүүгө тийиш. Аккредитациядан өтпөгөн окуу жайлар студент кабыл алууга жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом берүүгө укуксуз болот. Бул багыттагы лицензиялоо толугу менен саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органга өткөрүлдү.

Документте «билим берүү франшизасы» түшүнүгү киргизилди. Ага ылайык, жеке медициналык окуу жайлар аккредитациядан өткөн соң мамлекеттик базалык окуу жай менен келишим түзүп, мамлекеттик окуу программалары жана методикалары боюнча иш алып барат.

Ошондой эле медицина багытындагы илимий уюмдар да мамлекеттик аккредитациядан өткөндөн кийин гана иш жүргүзө алышат. Адистерди даярдоонун сапатына көзөмөл күчөтүлүп, аны саламаттык сактоо мекемеси жүргүзөт.

Министрлер кабинети үч айдын ичинде өзүнүн нормативдик актыларын жаңы мыйзамга ылайыкташтырууга милдеттүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *