Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттигине караштуу Жалал- Абад регионалдык мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы кыш өндүрүүчү компанияларга пландан тышкары текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулган фактылары аныкталды.Аталган фактылар боюнча жазма буйруктар берилип КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 144-беренсинин 1-пунктуна ылайык ар бир кыш өндүрүүчү заводго 200 миң сом айып пул салынып, жалпы 1 млн айып пул мамлекеттин эсебине өндүрүлдү. Мындан ары мыйзам чегинде тийешелүү иш-аракеттер уланат.

