Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Ошондой эле, Баткен облусунда мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сомдон айып пул салынган. Бул чаралар валюталык операцияларга көзөмөлдү күчөтүүгө жана каржы тармагындагы мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган.

