Ош шаарында көп балалуу аялдарга «Баатыр эне», «Эне даңкы» сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.


15 аял «Баатыр эне» болушса, 11и «Эне даңкы» медалын алышты.
“Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, балдарга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат.

Ал эми «Эне даңкы» медалы менен алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле кароосуз балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *