18-август күнү Ош Эл аралык аэропортунан О. Э. аттуу тургунундун автоунаасынан алты жүз миң сом акча уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Бул факты боюнча, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иштери башталган.Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1997-жылы туулган А.А. жана Ош шаарынын 2002-жылы туулган Ю. уулу С. Аттуу тургундары кармалды. Ал эми дагы бир шектүү Ош шаарынын 2001-жылы туулган Ж.уулу К. аттуу тургуну үй камагына чыгарылды.Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча Ош ОИИБ тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

