Азия Кубогунун эртеңки Кыргызстан — Оман беттешинде калыстар бригадасын кувейттик ФИФА калысы Ахмад Алали жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты.
Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери – Абдулхади Аланези жана Ахмад Абас жардам беришет. Адхам Мухаммад (Иордания) резервдик арбитр болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, Кыргызстан — Оман беттеши 25-январда Доха шаарындагы Абдулах бин Халиф стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.
Бишкекте күйөрмандар үчүн атайын фан-зона уюштурулат.