Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, билим уялары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен каржыланган.
Мындан сырткары, 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду.
Министрликтен 2023-жылы эң көп мектеп пайдаланууга берилгендигин кошумчалады.
Облустар боюнча жаңы салынган жана капиталдык оңдоодон өткөн мектептерди кошкондо :
Ош облусунда жана Ош шаарында – 34 мектеп,
Жалал-Абад облусунда – 35 мектеп,
Баткен облусунда – 21 мектеп,
Ысык-Көл облусунда – 17 мектеп,
Чүй облусунда – 18 мектеп,
Талас облусунда – 11 мектеп,
Нарын облусунда – 7 мектеп пайдаланууга берилди.

